Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2017-жылдын 30-май күнү саат 15:00 чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон сел суулары түшкөн. Анын кесепетинен Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айыл аймак тарабынан ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, аталган көпүрө 20 кожолук менен айылдагы №18-Бешимов орто мектебин байланыштырып турат. Учурда жашоочулар алыс эмес жерге курулган жөө адам өтүүчү көпүрө аркылуу өтүүдө.
" Өрүктү-Сай суусу аркылуу жөө адам өтүүчү көпүрөнүн астын сел суулары жеп, адамдардын ФАПка өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралды. Ал эми Тегизчил участкасында 2012-жылдары айыл тургундары ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрөнү жарактан чыгарды. Жеринде КРнын ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүштү”, - деп айтылат маалыматта.