“Жарандар эмне үчүн паспортто улутубуз көрсөтүлбөйт деп нааразы болушууда”, - деди парламенттин 31-майдагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов.
“Эмне, улутун жазуудан уялабызбы? Улутубуз көрсөтүлбөсө паспорт албайбыз деп жаткандар болууда. Каалагандар улутун жаздыра алышабы?” - деп сурады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү паспортто улутту көргөзбөө боюнча өкмөт чечим кабыл алганын белгилеп, бул маселе коомдук талкууда 3 ай бою турганын эскертти. Жарандардын улуту паспорттогу чипте жазыларын билдирди.
Жыйында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.