Бүгүн, 31-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында интернетте чуу жараткан "Албарсты" тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Тасманын премьерасына тартуучу топтун өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор жана башкалар катышууда.
"Албарсты" фильми чыныгы окуянын негизинде тартылып, көрүүчүнү терең ойго салары айтылды. Тасмада табышмактуу окуялар көп болуп, коркунучтуу, күтүлбөгөн учурлар менен коштолууда.