Талас суусуна агып кеткен 10 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сууга агып кеткен кызды издөө иштерине ӨКМнын куткаруу бөлүмүнөн 12 куткаруу тартылып, 30-май күнү саат 11:45тер чамасында кыздын денесин табышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунда үстүбүздөгү жылдын 29-майында саат 22:00 чамаларында Миң-Булак айылындагы Талас суусуна 2007-жылы туулган кыз агып кеткен.