Ооганстандын борбору Кабулдагы жардыруудан 90 адам набыт болду. Каза болгондордун арасында журналисттер, элчиликте иштегендер бар
Ооганстандын борбору Кабулда президенттик сарайдан алыс эмес жерде, чет мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан имараттардын жанында бүгүн, 31-майда ири жардыруу болду. Анын кесепетинен 90 адам каза болуп, 380дей адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, жарылуучу зат салынган унаа немис элчилигинин жанында турган. Курман болгондордун басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар. Жардыруу күчтүү болгондуктан жүз метр алыстыктагы үйлөрдө жаракалар пайда болгон. Жабыркагандардын арасында журналисттер, Германия, Япония, Франция элчилигинин өкүлдөрү бар. Жардыруу боюнча Ислам мамлекети террордук уюм жоопкерчиликти моюнуна алды.
Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл Ооганстандагы немис элчилигинин кызматкерлери жаракат алганын, күзөтчү Ооганстандын жараны каза болгонун кабарлады.
Би-би-си телеканалдын Ооган кызматында иштеген айдоочу Мухаммед Назир каза болгонун, дагы 4 журналист жаракат алганын билдирди. Мындан сырткары Толо Ньювс телеканалынын бир кызматкери мерт болгону, 1ТВ телеканалынын журналисттери жабыркаганы маалым болду. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жардыруудан эки Казак жараны жаракаттарды алганын билдирди.