АФК Кубогу: "Алай" "Дордойду" 5:4 эсебинде жеңди

Бүгүн, 31-май күнү АФК Кубогунун 6-турунун алкагында Ош шаарында жергиликтүү "Алай" бишкектик "Дордойду" кабыл алды. Оюн А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, голдорго бай болду.

Оюндун 10-мүнөтүндө "Дордойдун" жарым коргоочусу Ислам Шамшиев эсепти ачса, 26-мүнөттө Алишер Азизов экинчи голду киргизди. Бул мүнөттөрдө үй ээлери чабуулун күчөтүп баштады. Жыйынтыгында Тухтасинов менен Ахмедов эсепти тең кылышты. Оюндун соңуна чейин эки команда чабуулун токтотпой, голго гол менен жооп кайтарып жатышты. "Алайдан" Модибо Сидибе, ал эми "Дордойдон" Кайрат Жыргалбек уулу эки жолудан айырмаланганга үлгүрүштү. Жеңиштүү голду үй ээлеринин капитаны Ильяз Алимов киргизип, 5:4 эсебин каттады.

Бул оюн менен эки кыргыз клубунун АФК Кубогундагы жүрүшү аяктады. Тайпада "Алай" 3-орунга көтөрүлсө, "Дордой" 4-орунда калды. “Истиклол” менен “Алтын-Асыр” 13 упайдан чогултуп, чейрек финалга чыгуу жолдомону өз ара талашышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
salimbek87.kg
2017-05-31 19:32:42
Мен ойлогондой болуптур алгааа Алай урааааа.
+3
Best.bakyt
2017-05-31 20:14:51
Кыйратышыптыр, бири бирине эле корооз.
+12
scorp
2017-05-31 20:23:58
Best.bakyt,эркекче
+5
Adillet
2017-05-31 20:42:52
Биздин футболчуларга деле жакшы айлык толоп берсе ойномок.
-2
raimkul
2017-06-01 05:36:51
Adillet,биринчи ойносун, анан төлөп берет. дүйнөнү дүңгүрөткөн футболчулар деле биринчи оюн көрчөткөн, анан төлөнгөн.
0
Adillet
2017-05-31 20:43:16
Жок дегенде айына 50 мин
-2
sirgak_92
2017-05-31 21:20:29
Adillet,45000 алышат Алайдын оюнчулары а Дордойдуку андан коп
+4
SeN_Sulusun
2017-05-31 21:30:03
судья тартып койду болбосо 6:4 болмок Алай командасы атка коб жасап аты и
0
banditka
2017-05-31 21:36:55
Калыс чынында тартып койду Дордойго. Оюн сонун болду. Барса менен Реалдын оюнун коргондой болдум.
-2
Lion.
2017-05-31 22:26:13
Кыйратыпсынар...
+1
Jangazy
2017-05-31 23:01:19
Кыргызстандын эл классикосу болдубу ошондо
+2
Attila88
2017-05-31 23:01:32
кыргызстандын клубдары бирибиринеле кучун чынара алат.четке чыкты сразу ушуп калат.
+3
Naiman39
2017-06-01 01:10:55
Молодець озунорду озунор утуп журобергиле
+2
kychan.98
2017-06-01 01:20:43
Маладес Алай! Мен ойлогондой болду
0
Baktiiar1995
2017-06-01 11:17:36
Афк кубогунда мындан жаман оюн болгон эмес эле. Баардык оюндарды көргөм бирок эң эле алсыз ойношту бизди фудболчулар. Эмнегедир артка кетүү байкалып жатат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан