Дүйнөдөгү эң белгилүү футбол жылдыздарынын бири, Португалиянын жана "Реал Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде дүйнөдөгү эӊ популярдуу спортчу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 31-майда жазып чыгышты.
Экинчи орунду баскетболчу Леброн Жеймс, үчүнчүнү "Барселонанын" оюнчусу Лионель Месси ээлеген.
Спортчулардын популярдуулугун аныктоо үчүн алардын социалдык тармактарына катталган күйөрмандарынын саны, Google тармагында канча ирет изделгени жана кирешелери эсептелген.
Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Криштиану Роналду Instagram социалдык тармагында 100 миллион жазылуучуларды топтогон алгачкы спортчу аталган.