Режиссёр Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын жана дарыя" даректүү тасмасы Молдованын Кишинёв шаарында өткөн кинофестивалда "Мыкты кыска метраждуу даректүү тасма" аталды. Бул тууралуу Кинематография департаменти маалымдады.
"Хронограф" деп аталган даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 25-майдан 31-майга чейин өткөн.
"Физрук, алтын жана дарыя" тасмасында Аманбек Ажымат сценарийдин автору, режиссёр, оператор жана монтажёр кызматын аркалайт. Тасмада 5000 сом айлык алган айылдагы дене тарбия мугалими кошумча акча каражатын табуу үчүн Нарын дарыясында суу кечип алтын табары көрсөтүлгөн.