SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Талаада тирүүлөй өрттөлгөн жылкылар" жана "Талаада тирүүлөй өрттөлгөн жылкылар (2)" деген аталыштагы эки видео жүктөлдү.
Анда сүйлөшүп жаткан кишилердин сөзүнө караганда окуя Казакстандын талааларынын биринде тартылган, бирок качан болгону белгисиз. Эки видео бир баракчага удаа эле жайгаштырылып, биринде жүк ташуучу унаанын ичинде жылкылар күйүп, тегеректеген адамдар кош көңүл мамиле жасаганы көрүнүп турат. Экинчи видеодо өрттөлгөн 4 баш жылкынын талаада жатканын көрүүгө болот.
Видеолорду көрүү үчүн шилтеме.