Шри-Ланкада жээкке чыгып калган дельфиндер куткарылды

Шри-Ланкада жээкке чыгып калган 20дай кара дельфин-гринддер куткарылды. Бул тууралуу кечээ, 1-июнда "The Daily Telegraph" басылмасы жазып чыкты.

Жээкке чыгып калган жандыктарды жергиликтүү тургундардын аракети менен деӊизге кайтарууга мүмкүн болгон.

"Бул аларга зыян келтирбей, абдан кылдат мамилени талап кылган жумуш болду. Бирок соӊунда баарыбыз өзүбүздү бактылуу сездик", - деп билдиришкен тургундар.

Ал эми дельфиндердин жээкке чыгып кетүүсүнө эмне себеп болгону белгисиз бойдон калууда. Кээ бир маалыматтарга караганда, алардын мындай аракети Бенгал булуӊунда болгон "Мора" циклону менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Шри-Ланкада болгон жер көчкү жана суу ташкындарынын натыйжасында 203 тургун каза болуп, 96сы дайынсыз жоголгон.

Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында 400дөн ашуун кит Жаңы Зеландиянын түштүк аралындагы деңиздин жээгине чыгып калганы, кырсыктын кесепетинен 300гө жакын кит өлүп, куткаруучулардын аракети менен 100дөйүн кайрадан деңизге кайтарууга мүмкүн болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jamanjigit
2017-06-02 08:44:49
Мен болгондо эт канага откоруп жибермекмин.
-12
R_u_S
2017-06-02 09:11:59
Буларда ушундай, бизде болсо тоонун башында жүргөн теке,кулжаларды атып түшүрүшөт.
+8
karashire
2017-06-02 11:40:56
Синий кит ойноп 50-чу уровенге келгенго
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан