Дача-СУлуктарга көрсөткөн колдооңуз дарегине жеттиби? Жардамдын тизмеси жана өлчөмдөрү

Үстүбүздөгү жылдын январь айында "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесине Боинг учагы кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачкан.

ӨКМ эсепке элден 102 миллион сомдон ашуун каражат чогулду деп, кырсыктан бир нече ай өткөн соң жабырлануучуларга жардамды таратып берди.

ӨКМ каражат которгондордун тизмесин, суммаларды ачыктабай жатканда тийиштүү милдеттерин аткарбагандыгы жана ачык-айкындыкты камсыз кылбагандыгы үчүн SUPER.KG порталы ӨКМны сотко берген. Андан кийин ӨКМ жардам көрсөтүп, атайын эсепке акча которгондордун тизмесин жарыялады. Андагы жалпы сумма ‎102 160 180 сом 55 тыйынды түзөт.

Дача-СУлуктарга көрсөткөн жардамдын тизмеси жана өлчөмдөрүн бул файлды ачып көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Muslim_KGstana.
2017-06-02 12:18:06
Супер инфо кантип ачуу керек ?
Менде ачылган жок???
+2
Nurdoolot1996
2017-06-02 12:21:37
Менде де ачпай жатат
+2
mirana9395
2017-06-02 12:50:59
ачылды корсотуп атат.
+2
aidartegin
2017-06-02 13:00:06
Бул жагы 36млн.сом эле болуп калды го
+3
aidartegin
2017-06-02 13:00:34
калган организациялар жокпуу????
+2
aidartegin
2017-06-02 13:03:00
баардыгын бербей койгонбу же Супер.кж бааарын жуктобой койгонбу??
+1
admiral
2017-06-02 13:08:13
Жеке ишкерлер коп жардам корсотушуптур. Жардам берген бардык инсандардан АЛЛА ырааазы болсун! Окунучтуусу ошол окуядан жапа чеккендер учун чогулган акчаны жогору жактагы ак***тар туура болбой атканы! Эмнеге эл учун топтолгон акчаны бергилери келбейт?
+5
daiyrbek01
2017-06-02 13:24:42
admiral,акча берилген
-1
admiral
2017-06-02 13:51:35
daiyrbek01, Берилгени менен, 102 млн сомдон элге канчадан берилгенинен кабарын жок окшойт!?
+4
aydinnur
2017-06-02 17:09:31
admiral,замандашым улуу орозо күнү ушак айтып күнөөкөр болбойлу замандашым...мына менин кабарым бар канчадан берилгенине чындап кырсыктан жабыркагандарга,башкасына кепилдик бере албайм,ушул сүрөттөгү жигит баш болгон менин тааныштарыма жакшы эле бөлүндү,суммасын жардам алгандын баары өздөрү суранган үчүн айтышкан жок окшойт...замандын кандай экенин ушул суперге чыккан кырсык,өлүм -житим жөнүндөгү кабардан эле билсек болот го дейм...эң негизгиси кырсык болбосо болмок(((
0
admiral
2017-06-02 17:19:01
aydinnur, Ассалому алейкум! Эгер чогулган акча адилеттү бөлүнгөн болсо, албетте курсанмын.. Бирок чугулган акча толук бөлүнгөндүгү жөнүндө маалымат жокко?
0
aydinnur
2017-06-02 17:55:28
admiral,алейкум салам!жана айткандай бул жардам алгандардын өздөрүнүн суранычы аркылуу болду,бир эле киши нааразы болуптур..ал дагы жетим калган балдардын бирөөсүнүн тууганы,анткени негизги сумма түз берилбестен,балдардын эсебине которулду да,а ал сумманы 18-жашка чыкканда алышат..ушундаай тууганым,дагы терс жагыбызды көрсөтчү көп маалыматтар бар,аны жазсам супердин журналисттери илип алып,чукуп чыгып уят болбойлу деп атпаймбы))))
0
aydinnur
2017-06-02 17:19:20
а чарылдап аткандар,башынан эле айтып келе жатам кырсыкка эч тиешеси жок,бирөөлөрдүн кайгысынын артынан пайда көрүп калгысы келгендер..ишенип койсоңор болот,адам болгондон кийин чыгат экен андайлар,бирөөсүн эле мисал кыла кетейин,бир кудамдын эжеси каза болду кичине баласы менен ошол кырсыкта(((кудайым бейишин берсин алардын!жерге бере электе ортого киши салып,акыл сурады менден,жездеме кантип бердирбей,мен ала алам жардамды,жездем ичет деп...сураштырсам жездеси сонун эле жигит экен...
0
aydinnur
2017-06-02 17:23:48
admiral, анан ага чалып айтчумду айттым,экинчи чалышпай калдык))))орозобуз жакшы өтсүн!!!!

+1
daiyrbek01
2017-06-02 13:30:58
Эн алды эле соцфонд бериптир 700 000ден ашык андан Муниципалитет ленинский район 500 000ге чукул андан кийин кыргыз темир жол 300 000ден ашык.банктардын кобу 100 000ден которуптур Кыргыз элим азамат 20сомдон баштап чогултушуптур 100 000ге чукул которгон жеке ишкерлер жана оссолор коп экен
+1
Adi.Avazbekov
2017-06-02 14:12:00
daiyrbek01,temir jol ishkanasy 3 million andan kiiin manas aeroport 2milliondon ashyk anan gazpromneft 1 milllon kalgandaryn karabadym
+1
Birimdik5555
2017-06-02 13:34:38
Азаматсынар жардам бергендер Алла ыраазы болсун
0
nargiz-sa
2017-06-02 14:08:38
Супер инфо Чон-Алай району, Аю сай, Жалпак-Таш учун ачылган эсепке канча каражат жана кимдерден тушуп жатканы боюнча да маалымат берип турсаныздар
+1
admin_superstan
2017-06-02 15:21:49
nargiz-sa, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Totyua.71.
2017-06-02 18:30:57
мугалимдер бир кундук эмгек акыны бердик,республика боюнча канча чогулду дейсин....
0
Munarbek1988
2017-06-02 20:58:42
Канча сомдон берилген ошол 102 млн сомдун отчётун берсин.
+2
mr.ulan89
2017-06-03 06:09:24
Нариман Тулеев да журот го 100000 сом деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан