Футбол боюнча улуттук курама команданы жетектеп келген Александр Крестинин “Дордой” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бишкектик “Дордой” футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Дордой” клубу билдирет.

Маалым болгондой, Александр Крестинин “Дордой” клубу менен 2018-жылдын соңуна чейин иштейт. Жардамчылары катары кезинде “Дордой” клубунда ойноп келишкен Игорь Кудренко, Закир Жалилов жана Талант Самсалиев болушат.

Эске салсак, буга чейин клубда иштеп келген Руслан Сыдыков өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Александр Крестинин клубду башкаруу менен чогуу улуттук курама команданы да машыктыруусун улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Zynk.kg
2017-06-02 17:50:23
Кыйын экенго Бир убакта эки команданы машыктырса
0
Arsenal2
2017-06-02 19:31:34
Ишине ийгилик.Дордойду жакшы денгеелге которсун
+1
Ulan2601
2017-06-02 20:01:02
Итак эле сборныйда Дордойдун оюнчулары коп айырмасы деле жок топ лига бизде аз эле турдан бутот сборный да жылына аз эле ойнойт
-2
Nurik-88
2017-06-02 20:55:04
Улуттук курам эми 100 пайыз дордойдун тюнчулары болот экен да дагы.
+1
Neizvestno777
2017-06-03 03:21:16
Эми буйрса АФК чемпиону болобуз буйурса быйылкы очту алабыз,А,Крестинин, сборныйды кандай денгээлге которуп койду Дордойду да тузук эле алдыга суройт го деп ойлойм
+1
Gisi
2017-06-04 11:32:53
Neizvestno777,коойчу э 132орунда болуп калдыкко
0
beka666
2017-06-03 11:05:46
Молодец
+1
Baktiiar1995
2017-06-03 21:30:30
Өтө тажрыйбалуу машыктыруучу өзүнүн ишин жакшылап алса дордойдо да көөп мүмкүнчүлүктөр болот
0
kyrgyz.93
2017-06-04 00:23:40
Эмнени кыйратат эле бул кыйратса курама команда Алайдан утулат беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан