Казакстанда жайгашкан дүйнө жүзү боюнча эң алгачкы жана эң ири “Байкоңур” космодрому 62 жыл мурун, 1955-жылы 2-июнда негизделген. Дүйнөдөгү эң ири космодромдон 1961-жылы 12-апрелде советтик космонавт Юрий Гагарин түшкөн Восток-1 космос кемеси учурулган.
Казакстандын космос агенттиктери Байкоңурду Орусияга ижарага берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу пикирлер бар. Бирок түндүктөн түштүккө 80 чакырым, чыгыштан батышка 130 чакырым кеңдиктеги космодромду Казакстан Орусияга 2050-жылга чейин жылына 115 миллион долларга ижарага берген.
2-июндун жылнаамасы.