Президент Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында болгон теракттын кесепетинен көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасы тынч жашаган жана күнөөсүз жарандарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Мындан сырткары 2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында тик учактын кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу Кыргыз президенти Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.
Мамлекет башчынын телеграммасында: "Бул кыйроонун кесепетинен жакындарынан айрылгандарга чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду билдирип коюуну өтүнөм", - деп жазылат.