4-июнга караган түнү Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну орун алды. Анда мадриддик "Реал" "Ювентусту" жеңип, экинчи жылы катары менен аталган мелдешти утту.
Оюн курч мүнөздө башталды. 20-мүнөттө Криштиану Роналду эсепти ачса, Марио Манжукич 27-мүнөттө жооптук голду киргизди. Экинчи таймды "Реал" мыкты өткөрдү. 61-мүнөттө Каземиронун алыстан тепкен соккусун Буффон тосо алган жок. Арадан 3 мүнөт өтпөй Роналду эсепти 3:1 кылды.
90-мүнөттө Марко Асенсио эсепти 4:1 кылып, оюнга чекит койду. "Ювентус" калган мүнөттөрдө эсепти өзгөртө алган жок.
Бул жеңиши менен Зидандын шакирттери - "Реал" өз тарыхында 12-ирет жана экинчи жылы катары менен Чемпиондор Лигасын утуп алышты.