Өзгөндө мал айдап баратып аты менен дарыяга түшүп кеткен тургунду издөө иштери токтотулду

Өзгөн-Кара-Шоро жолунда мал айдап баратып аты менен дарыяга түшүп кеткен тургунду издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жазы дарыясына аты менен түшүп кеткен тургунду ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болбогондуктан издөө иштери токтотулду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Мырзаке айыл аймагындагы Адыр айылынын 1950-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен. Окуя үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү саат 17:00 чамасында орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
upol92
2017-06-05 10:21:20
Жайы жаннаттан болсун! Кыргыздар акыркы кундору эч нерсени издегиси келбей же тапкысы келбей калды. Дагы эмне болот бешене
+3
Kroxa
2017-06-05 11:17:17
Кантип токтотуп коюушту?? Дарыя кайда куйаары белгилуу болсо керек,жок дегенде суу сактагычтарды каратышпайбы...табылбай калса болобу???кудай сактасын деги биздин мчс иштебейт...эмнесине мчс деп аталып журушот,калп эле айлык алышып жаап салышса жонокой эл озун озун куткарып келет колдорунан келбегенин мчстен кутушот умут кылып...
-1
tatynam_88
2017-06-05 12:58:19
Карапайым эл кыйналды.акчан болсо ченгелинде шорпо кайнайт.эгер чиновниктин жакыны кырсыктаганда кордук эле дарыяны бууп болсо да таптырмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан