Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында дарыя-суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралышы ыктымал. Мындай маалыматты бүгүн, 5-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-6-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону оорлотот.
"Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн", - деп билдирди басма сөз кызматы.