17-майда саат 15:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштуруп жаткан шаардык мэриянын Кубогу үчүн болгон мелдештин ачылышы болот. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара "2013-жыл -Иштерман жылынын" алкагында өткөрүлмөкчү. Анда Бишкектеги муниципалдык аймактык башкармалыктар жана шаар тургундары катышат. Мелдеш спорттун 14 түрү боюнча ушул жылдын сентябрь айына чейин уланат.