Талас облусунда жолдордун тешиктерин жамоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылга карата 10 940 чарчы метр аянттагы тешиктерди жамоо иштери каралган. Ушул жылдын 25-майына карата 8224 чарчы метр аянттагы тешиктер жамалып бүткөн.
"Транспорт жана жолдор министрлиги бекитип берген тизмеге ылайык, жолдорду оңдоо иштерине бардыгы 135 миллион 422 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө Аманбаев-Көк-Сай, Бакайыр жана Покровка-Жайылган унаа жолдорунун алдынкы катмарына шагыл төшөлүп, асфальт төшөөгө даярдалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.