Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына чөгүп кеткен 4 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талды-Булак айыл аймагында 2013-жылы туулган кыз Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен. Кырсык 3-июнь күнү катталган.
"Сууга агып кеткен кызды издөө иштерине ӨКМнын куткаруу бөлүмүнөн куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Натыйжада кыздын жансыз денеси 5-июнь күнү кечки саат 19:00дөр чамасында табылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.