"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абаддын Кашка-Суу айылындагы авариялык абалга келген көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кашка-Суу айылында түбүн суу жеп, авариялык абалга келген көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков билдирди.

“Кечээ күнү көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери башталган. Суу жеп кеткен жерди чоң таштар менен дамба куруп тосуп жатабыз. Суу тартылса бетон менен дамба куруу пландалууда”, - дейт Эрмек Тойчубеков.

Эскерте кетсек, буга чейин Кашка-Суу айылында жамгыр көп жаагандыктан дарыянын деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнүн жарымын жеп кетти деп окурман "ЭЛДИК КАБАРга" сүрөт, видео жиберген.

Аксынын Кашка-Суу айылындагы көпүрөнү суу жеп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira12345
2017-06-06 11:59:34
супер инфо кечееги Москвадагы водитель удостоверение боюнча элдик кавардын жообун берип койбойсунарвы
0
admin_superstan
2017-06-06 13:07:05
gulmira12345, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан