Жол чарба департаменти: "Жолдорду жамоодо жаңы технология колдонулса 10 жыл бузулбай сакталмак"

Талас облусунда жаңыдан жамалган жолдор 5-6 жылга туруштук берет. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Жол чарба департаментинин Талас облусундагы №3-бөлүмүнүн башчысы Рустан Осмоналиев билдирди.

"Облустун аймагындагы жолдор жыл сайын жамалып келет. Жамалган жол 5-6 жылга чейин жарактуу болот. Андан кийин кайрадан оюлуп баштайт. Жамгыр, кар жааганда суу топтолуп майда таштары чыгып, жарылып кайрадан тешиктер пайда болот", - деп билдирди Осмоналиев.

Осмоналиевдин маалыматына ылайык, Транспорт жана жолдор министрлиги жолдорду жамоонун жаңы технологиясын кабыл алышкан. Бирок бүгүнкү күндө Талас облусуна бул ыкмасы жете элек.

"Жаңы ыкманы ишке киргизүү үчүн атайын жабдуулардын жардамы керектелет. Мындай аракеттер бизде азырынча баштала элек. Учурда мурдагы эски ыкма менен иш жүргүзүп жатабыз. Эгерде жаңы технология ишке кирсе жамалган жолдор 10 жылга чейин чыдамдуу болмок", - деп кошумчалады Осмоналиев.

Эске салсак, буга чейин Талас облусунда жолдордун тешиктерин оңдоого 135 миллион 422 миң сом жумшала турганы айтылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп баштаганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
CEO
2017-06-06 15:38:37
Жаны салган жолунар 1-2 жылга жетпей жарактан чыгып жатат го, корунгон жерден жарака кетип тешилип... Ошол эле былтыры салынган Балыкчы жолу, Манас аэропортуна кеткен жол, Нарындагы жол ж.б. Оштогу Атамбаев менен Кадырбаев салдырган копуро жыл айланбай бир нече ремонттон отту, Кара-Кулжада 1-2 жыл мурун салынган жаны копурону суу алып кетти... Бул эмне деген шермендечилик!!! Жол, копуро куруу учун миллиарддап акча жумшайсынар, срок годность болгону 1-2 жыл!!! Позор, шерменде!!!
+2
CEO
2017-06-06 15:41:41
Жамалган жолунар 5-6 жыл эмес кийинки жазга жетпей жатат го, Кудайды карап калп айтсанар боло!!!

Жаны салган жолунар 5 жылга жетпей талкаланып жатат, анан булар да суйлойт десе суйлой беришет экен да... Жаны салынган жолдор 10 жыл бузулбай жакшы чыдап берсинчи биринчи...

Акчаны бийлик озу жеп каяктагы кытайларга жол курдурат 1-2 жылга чыдай турган... Уят!!!
+2
Дарыгер
2017-06-06 16:13:03
Жамаган жол 5_6 жылга жетет дегенди биринчи угушум. Жарым жылга жетпей жараксыз болуп калганын коруп эле жүрөм. Ушул аткаминерге кенешим. Ондогондон мурун 5_6жылга жетчу жол курганды уйронсо болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан