Жалал-Абадда түнкүсүн күйүүчү май ташыган унаалардын жолдо жүрүшүнө тыюу салуу сунушталды

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн күйүүчү май ташыган унаалардын жолдо жүрүшүнө тыюу салуу сунушу айтылды. Мындай маселе бүгүн, 6-июнда Жалал-Абад ОИИБинин аткарган иштеринин жарым жылдыгын жыйынтыктоо боюнча кеңешмеде каралган.

Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы Самара Кадырованын билдирүүсүнө ылайык, кеңешмеде облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин коомдук коопсуздукту сактоодо шалаакылыкка жол бербөөгө үндөдү. Милдеттерин так аткарбаган кызматкерлерге катуу сөгүш берилерин же кызматынан бошотуларын эскертти.

"Кеңешменин жүрүшүндө Патрулдук милицияга Ош-Бишкек унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кырсыктары көп катталып жаткандыгы айтылды. Райондук жана шаардык милициянын бир катар кызматкерлери премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атынан саат жана “Алкыш” баракчасы менен сыйланды", - деди Кадырова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан