2017-жылдын май айында республикалык бюджеттин кассасынан 10 миллиард 97 миллион 560 миң сом чыгашаланган. Бул чыгашалар жөнүндө маалыматты Каржы министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
“Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 миллиард 409 миллион 278,1 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 миллиард 452 миллион 522,5 миң, калкка социалдык жардам берүү боюнча 632 миллион 515,3 миң сом бөлүндү. “Имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча чыгашалар 948 миллион 799,9 миң сомду түздү. Калган каражаттар корголгон жана корголбогон чыгашалар беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалган”, - деп айтылат маалыматта.