Чолпон-Ата шаарында кол күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт

Чолпон-Ата шаарында 8-10-июнь аралыгында кол күрөш (армрестлинг) боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалым болгондой, аталган мелдешке 14 өлкөнүн 400дөн ашык спортчулары катышат. Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 87 спортчу күч сынашат.

Азия чемпиондугу эркектер, кыз-келиндер жана жаштар арасында өткөрүлөт. Мындан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында мелдештер орун алат.

Уюштуруучулар билдиргендей, аталган мелдештин максаты өлкөбүздөгү армрестлинг спортун өнүктүрүү, мыкты спортчуларды улуттук курама командага тандоо жана дүйнөлүк биринчиликке даярдык болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан