Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында 15 депутат буудайды алып кирүүгө кошумча нарк салыгын киргизүү маселесин талкуулап жатат. "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев кворум жок болгондуктан жыйынды жыйынтыктоо сунушун киргизди. Депутаттар кайрадан каттоодон өттү. Жыйынтыгында 62 депутат каттоодон өткөнү белгилүү болду. Айрым эл өкүлдөрү кесиптештеринин ордуна дагы каттоодон өткөнү байкалды.