"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Орусия тарап кыргыздардын айдоочулук күбөлүгү жасалма десе, өтүнүч кат жөнөтүшсүн, тактап беребиз" дейт мамкаттоо кызматынын өкүлү

Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүктөрү Орусиянын аймагында толук жарактуу. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев бүгүн, 8-июнда SUPER.KG`ге билдирди.

"Кыргызда алынган айдоочулук күбөлүк Вена конвенциясына туура келбейт деген маалымат туура эмес. Бизде мамлекеттик үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр өкмөттүн буйругу менен бекиген. Ал үлгү Вена конвенциясына толук жооп берет.

Айрымдарынын күбөлүгүндөгү атасынын аты жазылбагандыгы боюнча маселе жаралуусу мүмкүн эмес. Себеби ал жарандын паспортуна карап берилет. Фамилиясы уулу же атасынын атында болуп калган учурлар көп кездешет. Биринчи да, экинчи да себеп Кыргыз жаранынын сынакка кирбей калышына жолтоо болбойт", - дейт Усеин Касмалиев.

Андан сырткары ал түшүнбөстүктөр болбоосу үчүн 2017-жылдын 1-июнунан тартып ишке кирген мыйзам тууралуу айтып берди.

"Орусиянын 2013-жылы демилгеленген федералдык жол коопсуздугу тууралуу мыйзамы эми күчүнө кирип жатат. Анда "Чет элдик жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөр менен Орусияда унаа айдап эмгектенүүгө болбойт" деп жазылган. Демек, кыргыздар мекенинде алган айдоочулук күбөлүгүн колдоно алышат. Бирок унаа айдап эмгектенүү боюнча жумушка орношуп жатса, анда ошол жактын айдоочулук күбөлүгүн алуусу керек.

Орус тарап өз жарандарынын коопсуздугу үчүн чет элдик айдоочуларды сынактан өтүп, билимин далилдеп, ошол тараптын айдоочулук күбөлүгүн алсын деп талап коюуда", - дейт ал.

Ошондой эле кыргыздарды жогорудагы шылтоолор менен сынакка киргизбей коюу мыйзамсыз экенин кошумчалады.

"Бир сөз менен айтканда, Кыргыз жаранынын айдоочулук күбөлүгү жасалма эмес, мөөнөтү өтпөгөн болсо, анда ал сынактан өтүп, Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алганга толук укуктуу. Эгер сынакка жөнсүз киргизбей койсо Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирип жаткан соң алардын үстүнөн жогору турган мекемеге арыз менен кайрылууга толук укуктары бар.

Эгер орус тараптын мамлекеттик каттоо сынак бөлүмү мекендештерибиздин күбөлүгүнүн жасалма экендигинен күмөн санашса, бизге өтүнүч кат жөнөтүшү керек, тактап беребиз", - дейт Усеин Касмалиев.

Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө алынган айдоочулук күбөлүк эл аралык стандартка туура келбегендиктен Орусияда жараксыз болуп жаткандыгын айтып окурмандар кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
abusait
2017-06-08 19:55:55
Бул жагы атана бар энене бар болуптурда кыскасы. Жок дегенде 3 ай мурда эскертип коюшпайбы мигранттарды ушундай мыйзам киргени жатааат деп((.
+4
jonne
2017-06-08 20:07:57
3 ай эмес 1- жыл мурун эскерту берген биздин депутаттар ак жэ кок деген эмес
+3
CEO
2017-06-08 20:48:06
jonne, дагы бир жылга узартылат экен деген имиш имиш болуп акыркы убакыт-мунотторго чейин эч ким аныгын айтпады. Мына азыр да белгисиз болууда. Ким бироолор алмаштырып кереги жок, бажы союзуна мучо олколорго тиешеси жок дейт, башкасы аны ким айтса да аферист, биздин айдоочулук куболуктор мындан ары Оруссияда жараксыз экен дейт, жургунчу же жук ташып иштеген айдоочу мекендештерибиздин..

+2
CEO
2017-06-08 20:51:32

Жогоруда маалымат берген адам эмнеге "6" саны боюнча унчукпайт, эмнеге айдоочулук куболуктун айрымдарында суроттун ылдыйында 6 деген сан бар, копчулукто жок?! Эмнеге арткы бетинде 6 саны боюнча тушундурмо жок?!! Эмнеге турдуучо айдоочулук куболук жасайсынар?!! Буга ким жооптуу?!!

"Орус тарап ишенбесе бизге жонотсун, тастыктап беребиз" дейсинер, орус тарап силерге запрос жонотуп жооп алгыча ортодо 2-3 ай отот, ошол аралыкта мигрантты силер багасынарбы жумуш
+4
CEO
2017-06-08 20:52:19
Жумушсуз калган?!!
0
Дарыгер
2017-06-08 21:27:12
ХХХ эмес бул кызматкердин же элди анкоо деп ойлойт го. Башкы маселе "6" цифра жоктугунда болуп жатат кеп. Ал эми оруссия тарап эмнеге кайрылмак эле башын оорутуп. Бул маселе кыргыз жарандарыныкы болуп жатса
+3
Adi.Avazbekov
2017-06-09 10:34:22
Дарыгер,орустар жонотмок беле ошол праванын ээси жонотот да отунуч кат. Жооп барса кайра ошол кагаз мн барат тестке.
0
talant87
2017-06-09 17:28:58
Мен 2007 жылы алгам алмаштырам десем 2500 дейт акчасыго мейли анан дагын алмаштыргыла дебейби жанысына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан