Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн 4 айда бюджетке 16,4 миллион сом түштү

Ушул жылдын 4 ай аралыгында дивидендден, мамлекеттик ишканалардын кирешесинен жана мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн казынага 331 миллион 200 миң сом каражат түштү. Мындай маалыматты бүгүн, 8-июнда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, дивидендден түшкөн каражат 280 миллион 500 миң сом болсо, мамлекеттик ишканалар казынага 34 миллион 300 миң сом которгон. Ал эми өлкөнүн карамагындагы мүлктөрдү ижарага алгандардан 16 миллион 400 миң сом түшкөн.

"Муну менен январдан май айына чейинки коюлган план 114,3 пайызга аткарылган. Ошол эле учурда бул аралыкта толук иштетилбеген 43 мамлекеттик ишкана жабылды", - деп айтылат фонддун маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан