Аксыда суунун деңгээли көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү оорусунун очогу жайгашкан жерге жетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү оорусунун очогу жайгашкан жерге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күйдүргү очогу 50 чарчы метр аймакты түзөт.

"Күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерди коргоо үчүн жээкти бекемдөө иштерин ушул жылдын 10-июнуна чейин тез арада аткарууга алуу жагы райондук мамлекеттик администрациясынын Жарандык коргонуу башчысына жана Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысына атайын эскертме менен милдеттендирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Аталган окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубековго байланышканыбызда учурда 3 оор техника тартылып, таш, шагыл төгүү иши башталганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mahbu.kg
2017-06-09 09:39:31
Ал кандай оору?
0
raykray
2017-06-09 09:55:27
mahbu.kg, жаман ооруу Сибир. язва жара сыяктуу жугуштуу, дабасы жок
+4
adimyrza
2017-06-09 10:10:10
Кайсы ХХХ сууга жакын жерге комдургон башка жер табылбаган Бекер кудай сактасын эми
+4
admin_portal
2017-06-09 10:45:17
adimyrza, этика нормаларын сактаңыз!
0
aerforce
2017-06-09 10:51:34
Ошону суунун жеегине комбой тоого комсо болмок экен башында эле
+3
jonne
2017-06-09 11:07:48
Тоого комсо туз жерге комсо болмок экен демексинер . Менин ойумча туура эле жерге комулгон айласын жакшы тосуп койсо кудай сактайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан