Бүгүн, 9-июнда ырчы Турдакун Ниязалиев 32 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап, байланышка чыкканыбызда ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн көп жылдан бери белгилебесин айтты:
"Дин жолунда жүргөндүктөн туулган күндү белгилебейм. Бул күнү бир жылды кандай өткөрдүм, эмне пайдалуу жумуш аткардым деп ойлонуп, өзүмө отчёт берем", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, Турдакун Ниязалиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Көк-Таш айылында туулган. Бала кезинен эле мектепте баян ойноп, ырдап жүрүп, кийин обон жазып калган. 10-класста окуп жүргөндө Ынак Осмоналиев ырдап жүргөн "Айлуу кеч" деген ырын жазган.
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетин бүтүргөн. Араб тили аркылуу ислам дүйнөсүнө аралашып, шариятта ырдоого тыюу салынгандыктан, чыгармачылыкты таштап салган. "Эгер ыр адамды адеп-ахлакка, Ата Мекенди сүйүүгө чакырса, ырдаса болот" дегенди уккандан кийин кайра чыгармачылыкка киришкен. Атайын музыкалык билими жок. Чыгармачылык ырчы үчүн кесип эмес, жөн гана хобби.
9-июнга карата жылнаама.