ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: Мындан 7 жыл мурун Ош шаарында жаңжал чыгып, кандуу Июнь окуясы башталган

Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 10-июнда түнкү саат 10дор чамасында Ош шаарынын “Алай” мейманканасынын жанында жаңжал чыккан. Ага чейин белги катары мечиттерден үн чыгаруучу аппарат аркылуу азан айтылып, салют атылганын шаардын тургундары айтып беришкен. Тополоң андан ары курчуп, ок атышуулар менен уланган. Куралданган белгисиз адамдардын тобу имараттарды, үйлөрдү талкалап, өрт коюп, туш келген адамдарга кол сала башташкан. Окуянын тез жана курч өнүккөнүнөн улам "алдын-ала даярдалган" деген ойлор айтылган. 11-июнда түнкү саат 2де Убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер жана аскер техникасы киргизилген.

Трагедиялуу окуяны иликтеген улуттук комиссиянын 2010-жылы 10-декабрда жарыялаган отчётунда Июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облусунда 420 адамдын денеси табылганы, анын 381инин ким экендиги аныкталганы жазылган. Анын ичинде аскерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар. 1925 адам ар түрдүү жаракаттарды алган, 925и октон жаракат алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан Июнь окуясы боюнча жалпы 5 миң 646 кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жыйынтыктарынан улам 532 жаранга карата козголгон, 336 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 488и соттун чечими менен ар кандай жазаларга тартылган. Ал эми 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн. Ал эми жоготулган курал-жарактардын ичинен 195 ок атуучу курал, 25 миң 330 ок-дары, 30га жакын аскердик шаймандар табылган.

10-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dalil
2017-06-10 08:42:15
50% чындык
-1
ilgizk
2017-06-10 11:21:26
Dalil,99% эле чындык,
-4
aiza16
2017-06-10 11:25:20
Жаштар деп?...
+1
nargis
2017-06-10 11:28:04
Ошондо тарыхта жаштар куноолуу болуп калдыбы?
+1
anuvar0903
2017-06-10 11:32:39
ХХХ кыйын оо
-1
CEO
2017-06-10 11:55:05
Маалыматты туура берип жургулочу! Жогоруда жазылгандарга таянсак Бакиевдин 50-60 адамы уруш баштап коюп куйрукту туйгон, ошолордун айынан кыргыз-озбек болуп уруш башталган дегинер барбы?! Калптын эмне кереги бар?!!

Туну "газаватка" чакырган азан айтылып, озбектер кыргыздарга кол сала баштаганы калп беле?!! Озбек кварталдарынын устундо S.O.S. деген жазуулар кун мурунтан жазылганы калп беле?!
+7
CEO
2017-06-10 11:58:23
Кашкар кыштактан ок отпос болуп брондолгон КаМАЗ табылды Ош коогаланы басылган сон, бул Камаз кун мурунтан даярдалып даярдык корулгону калп беле?!!

Туура маалымат билбесенер ошол апаатты баштан откоргон Ош, Жалал-Абаддын элинен сурасанар болмок, Бишкекте отуруп алып чиймелей бербей...

Илгери пахта эмне экенин корбогон журналисттер "пахта орулуп кызыл кырмандан бастырылды" деп жазып уят болушкан эле, ошол сынары болуп калыптыр.
+6
CEO
2017-06-10 12:03:07
Согуштун башталышына биздин "убактылуу Окмот" менен озбек диаспорасынын лидерлери куноолуу. Май айы ичинде канча тиреш болуп кан тогулду, Оштогу 4-5 озбек телеканалы эртеден кечке К.Батыровдун созун корсотуп туруп алды эки элди ачык эле провокацияга чакырып. Бийлик ошондо чара коргон жок. КТРден толкуган кыргыз элин бакиевчилер деп атап, Кадыржан Батыровдон интервью алышкан, калп болсо айткыла, КТРдин 2010 май айындагы архивин чукулайбыз!!!
+7
CEO
2017-06-10 12:10:15
Убактылуу Окмот Жалал-Абадда 14-май жана 19-май (2010) окуяларынан кийин эле чара корушу керек эле. 20-май куну Телтору ат майданына 5минден ашуун адам чогулуп Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асановду токмоктоп сабаган, К Батыровго кошомат кыласын элди провокацияга чакырып жатса деп. Эл менен жолугушууга келген УО мучосу Исмаил Исаков чара коробуз деп элди тынчтандырып, "лапша" илип, Б.Асановду алып кеткен. Ошондо "Убактылуу Окмот" чара коргондо Ош коогаланы болмок эмес!!!
+6
ekaterinburg
2017-06-10 12:18:17
Мынтип жазсанар бизден кийинки муундар эч нерсе билбей калат го!!Туурасын жаза бербейсинерби?Жаштар,келечек муун билуусу шарт!Билсин да озбек туугандар кандай экенин!
+5
CEO
2017-06-10 15:20:59
Атамбаев 2010-жылы жабыркагандарга 1990-жылкы коогаланга салыштырмалуу коп жардам болду деп мактангандай айтыптыр. Жакыны (атасы же куйоосу же уулу) каза болгондордун куйутун акча менен басса болот бекен, акча баса алат бекен?! Эгер ошол коогаланда Атамбаевдин уулу же кызы каза болсо ушундай суйлой алаар беле?!! Ошол коогаланда бир омур майып болгондор канча, бири колунан, бири бутунан, башкасы козунон айрылды, ошол жардам менен кимдин ден-соолугу калыбына келиптир?!!
+4
CEO
2017-06-10 15:26:43
"Кыргыз калкынын мамлекеттин этностор аралык чатактарды алдын алуу жөндөмдүүлүгүнө ишеними өсүп жатат, 1 жыл ичинде 30%тен 82%ке осуп" деп. Айткылачы, бул индекстерге ким ишенет?! Ошол тополондон бери кыргыз-озбек мамилеси мурдагыдай болбой калганы калппы?!Атамбаев бугун конул айткыча ошол убакта Ош коогаланын алдын алса болбойт беле?! "Убактылуу Окмотто" Отунбаеванын он колу эле го?! Бийлик учун жуздоп адамдын каны тогулду, "Убактылуулар" куноолуу ошонун баарына!
+4
meni_kut
2017-06-11 00:32:11
CEO,100℅ туура айттын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан