Белорус ырчысы, “Жылдыздар фабрикасы-6” долбоорунун жеңүүчүсү Дмитрий Колдун 1985-жылы 11-июнда Минск шаарында туулган. Келечектеги ырчынын ата-энеси мектеп мугалимдери болсо Колдун өзү бала чагынан тартып врач болууну кыялданган. Ошол себептен ал өспүрүм курагында эле Минск гимназиясындагы медициналык атайын класска кирип окуп калган. Мектепти ал күмүш медаль менен аяктайт. Кичине кезинде эле Дмитрий ар тараптан таланттуу келип, "Пёс Полкан — приятель Пети" ("Петянын досу - дөбөт Полкан") адабий аңгемесин жазат. Аңгеменин өзгөчөлүгү - андагы бардык 66 сөз жалаң "П" тамгасынан башталгандыгында. Кийинчерээк Колдундун бул аңгемеси Белорусиянын белгилүү гезиттеринин бириндеги "Рекорддор" бөлүмүнө да жарыяланган.