31 жаштагы испан теннисчиси Рафаэль Надаль Чоң шлемдердин бири болгон “Ролан Гаррос” мелдешин жеңип алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, ал финалда Стэн Вавринканы 6:2, 6:3, 6:1 эсебинде уткан.
Надаль бул жеңиш менен “Ролан Гарросту” өз карьерасында 10-ирет багынтты. Буга чейин бир дагы теннисчи мындай көрсөткүчкө жетишкен эмес.
Белгилей кетсек, Надаль 2014-жылдан бери Чоң шлем мелдештерин уткан эмес. Азыркы учурда аталган спортчунун Чоң шлемдердеги жалпы жеңиши 15ке жетти.