2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат Катарда өтпөй калышы мүмкүн

2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат Катарда өтпөй калышы мүмкүн. РИА маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, мындай кырдаал Араб өлкөлөрү Катарды террористтик уюмдарга каржылык колдоо көрсөтөт деп айыптап, дипломатиялык байланыштарын үзгөндөн кийин түзүлүүдө.

5-июнь күнү Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет Перс булуңундагы дагы бир Араб мамлекети Катар менен аба жана деңиз байланыштарын токтоткон. Учурда алардын катарын толуктаган өлкөлөрдүн саны 10го жетти. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жаралган кырдаал учурда бүтүндөй футбол дүйнөсүнүн көңүлүн буруп, кабатырга салууда.

Немис футболчулар союзунун президенти Райнхард Гриндель The Guardian басылмасына маек куруп “чоң турнир терроризмди колдогон өлкөдө өтпөшү керек, биз ушундай чечимди колдойбуз” деп билдирген.

Азырынча футбол боюнча 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатты уюштуруу комитети акыркы чечимин чыгара элек.

Бул арада Сауд Арабияда "Барселона" футбол клубунун формасын кийген адамга 135 миң евро айып пул салынып, 15 жылга чейин эркинен ажыратылары тууралуу маалымат тарады.

2022-жылы Дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн Катар менен АКШ, Корея, Япония, Австралия ат салышкан. Тарыхта биринчи ирет Жакынкы Чыгышта өтө турган спорттук оюн үчүн 200 миллиард АКШ доллары каралып, учурда анын 50 пайызы курулуш иштерине жумшалып бүткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Agayu
2017-06-12 14:06:46
Ассалому алейкум туугандар ! Мен бир нерсеге эч эле тушунбодунор келемин , Дубай ошондо кайсыл мамлекеттин шаары .Катардыкы Доха , Ал эми Дубайчы ? Билсенер айтып койгулачы ?
-12
Revolyutsiya2
2017-06-12 14:44:20
Agayu, Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) шаары, бирок борбор шаары эмес. БАЭнин борбор шаары Абу-Даби.
+3
Seryi-Kardinal
2017-06-12 14:49:56
Agayu,internetin bar eken izdei koiboisunbu
+1
Beka.sss
2017-06-12 14:12:08
Сауд арабаянын шаары дубай
-10
meniuk
2017-06-12 14:30:54
Beka.sss,Сауд арабиянын борбору Эр-Рияд
+4
meniuk
2017-06-12 14:28:30
бириккен араб эмиратынын баш каласы(БАЭ) орусча (ОАЭ)
-8
Revolyutsiya2
2017-06-12 14:42:51
meniuk, туура эмес тууган, Бириккен Араб Эмиратынын борбору Абу-Даби шаары, Дубай болсо болгону чон шаары. Мисалы Туркиянын борбору Анкара, ал эми эн чон шаары Стамбул болгондой эле кеп...
+3
clay
2017-06-12 14:58:35
Revolyutsiya2,Туркиянын борбору Стамбул
-13
Revolyutsiya2
2017-06-12 15:08:29
clay, кичине интернетти чукулачы билбесен!
+5
clay
2017-06-12 16:36:21
Revolyutsiya2,Эдил Байсалов белең?
0
Best.bakyt
2017-06-12 18:58:14
clay,Тушунугун жетпеген темага аралашпай эле койсон. Кайра айтышканча уялып калчы тууганым
+1
clay
2017-06-12 19:10:19
Best.bakyt,Озбекстандын борбору Астана.
0
meniuk
2017-06-12 20:29:27
clay,комменттин башталышы темадан сырт экен аягына чейин невтемшиктерго хаааааха
-1
meniuk
2017-06-12 20:25:57
Revolyutsiya2,мисалы нарындын борбору нарын ал эми чон шаары кочкорбу э :)))))
хаха
0
nurbek11
2017-06-12 14:44:53
Ассалоому алейкум туугандар, мусурман олкодо алгачкы жолу футбол боюнча чон турнир болуп жатат. Ага да Акшнын жалама иттери каршы чыгып турнирди Акш же башка олколорго откоруунун планын иштеп жатышат.Эх мусурмандар биз качан онолобуз качан адам болобуз.Ушинтип журуп Акш менен Европага коз каранды болуп калдынар,бирок биз кыргыздар эмес. Себеби Акш менен бир кундо мамилени токтотуп коюп Акшны титиретип койдук эле Европа озу эле бизден коркуп калып жылда президентибизди Европага чакырып жатышат
-14
Revolyutsiya2
2017-06-12 15:07:58
nurbek11, эмне деп жомок айтып жатасын?! Кыргызстан АКШ менен мамилесин токтотсо АКШ бир чымын олгончолук корбойт! Оруссияга санкция киргизип жаткан АКШга Кыргызстан ким?!!

Ал эми Катарда футбол отпой калуу ыктымалы, дуйнолук коомчулук Катарды террористтерди колдогонун айыптап чыкканынан тутанууда. Хотя Катар эле эмес, Саудия баштаган бир топ Аравия олкосу террористтерди колдоп келгени ачыкка чыгып жатат...
+4
arap00
2017-06-12 15:22:45
nurbek11, Нурбек мырза саясатты өтө жакшы түшүнөт экенсин))) АКШны коркутуп койгон турбайбы КР)). Мусурман эмес мусулман болот.Аттиң сабатсыздык күчөйдүгө бизде...
+9
meniuk
2017-06-12 20:31:37
nurbek11,мусурман озун,мусулман деп жазда
+1
Dybala.
2017-06-12 14:56:12
Барселона эмне кылат экен
алаканы узобу Катардын салымы чон бул клубка
+1
yarmuuk
2017-06-12 15:53:01
Эмират жети эмирлик биригип бириккен арап эмирлигин түзгөн,чек-арасы ачык болгону менен өкмөттөрү башка. Абу-даби, Дубай,Шаржа,Ажман,Фужейра жана эки чакан эмирлик,ошолордун ичинен Абу-даби эң чоң бай эмирлик болгон үчүн башкаларына үстөмдүк кылат.
+2
Burkut87
2017-06-12 16:42:31
Сауд аравияга карап турган мурда Дубай Катар

Кувейт дагын бар ушундай кичне мамлекеттер автоном болуп турган кийин оз алдынча республика кылып болуп койгон
+1
Best.bakyt
2017-06-12 19:09:18
Ээ кудай биздин жаштарыбыздын билим денгээли, тушунугу ушунчалык паска тушуп кеткени абдан окундурот. Эн жонокой нерселерди билбей, билип айтып аткан кишиден кайра талашып отурушу денгээлибиздин абдан томондугу.Бири АКШ, Европаны коркутуп койдук деп отурат айланайын. Тушунугунор жетпеген темага аралашпай эле шук отурсанар кантет ыя? Бери жакта туруп силер уялбай эле окуп аткан киши уялат. Интернетке эмнеге киресинер ушу элементарный нерселерди окуп билип албаган сон. Ушунча тупой болбойлучу.
+2
Shadykanov
2017-06-12 22:16:25
Бир мени менен чогу иштеген бала бар эле бир нерсени суйлошуп отуруп тиги оштон болот экен десем. Чын элеби мен аны Кыргызстандык деп ойлоп журсо деп коет жарылдымда ошол жерден болбосо 11 классты буткону 2 жыл болгон. Ошол сыяктууле талашасынарго
+1
iskak86
2017-06-13 00:56:25
Туура айтасын армияда бир бала бар еле колдон кичинесинде ата енеси олтургузбаптыр жанымдагы шеригим айтып койот буул бала манголядан болобуу деп
0
dastan_nookat
2017-06-13 09:43:17
2018- жылы Орусияда отот деген кептер чынбы ушул жонундо малымат ким билет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан