Акыйкатчы: "Өлкөгө көчүп келген этникалык кыргыздар паспорт ала албай жүрүшөт"

“Өлкөгө көчүп келген этникалык кыргыздар паспорт ала албай жүрүшөт”, - деди бүгүн, 12-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде акыйкатчы Кубат Оторбаев. Ал билдиргендей, этникалык кыргыздардын абалы боюнча өкмөт тарабынан атайын программа кабыл алынган.

"Анда этникалык кыргыздардын жашоо тиричилигин жеңилдетүү меселелери каралган. Маселен, алардын балдарына мектептен, бала бакчадан орун берүү, пенсия жана башка жеңилдиктер менен камсыз кылууну чечүү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 900 миңден ашуун этникалык кыргыздар Тажикстанда, Өзбекстанда, Кытайда жана башка чет мамлекеттерде жашашчу. Алардын ичинен 33 миң 718и Кыргыз мамлекетине көчүп келишкен. Ош, Баткен облустарына барып келдим. Ал жерде 1-2 жылдан бери жарандык ала албай жаткандар бар экен. Бул боюнча бизге 20дай адам кайрылды. Жарандык алса да паспорт ала алышпайт", - дейт Оторбаев.

Акыйкатчы миграция кызматынын облустагы өкүлчүлүгүнүн жоюлгандыгынан этникалык кыргыздар өз учурунда каттоого тура албай жатканын белгиледи.

"Алар өз учурунда каттоого турбаса административдик жоопкерчиликке тартылып, 10 миң сомдон айып төлөшөт", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jonne
2017-06-12 20:56:52
Узбек тажиктерге сыраз эле берилет биздин бордошторго келгенде ары бери чуркатасынар
+2
murgab2014
2017-06-12 23:54:30
Урматтуу супер инфо жааматы жарандыкты кантип алыш керектигин айтып койосуздарбы же ссылкасы болсо жонотуп койунуздарчы рахмат
+1
pixduel1
2017-06-13 01:00:28
Мен загранды жоготуп алгам кантип алсам болот ?коптон бери бутуро албай журом. Уй куйуп кеткенде документтерди алып кала албагам, азыр сураштырсам туулгандыгы ж/о куболук тияк бияк керек дейт, Москвада болгон учун жасата албай койдум , эмне кылса болот? Билгендер жазып койгулачы сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан