8 жаштагы кыздын башына жасалган операциядан кийин көзү көрбөй калды

8 жаштагы Айым Айтбаеванын башына операция жасалгандан кийин эки көзү көрбөй калган. Бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына өспүрүм кыздын чоң атасы Айтбай Аширалиев кайрылып, небересинин көрүү мүмкүнчүлүгү калыбына келеринен үмүт кыларын айтты.

Аширалиевдин билдиргенине ылайык, алар Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында жашашат.

"Неберем ооругандан бери бейтапканага байма-бай каттап, далай акча чыгым кылдык. Ага да кайыл болуп көзү көрүп кетсе деп үмүт кылып жатабыз. Ушул жылдын 10-мартында Ош облустук балдар ооруканасында Айымдын баш мээсинде пайда болгон шишикти алышкан. Бирок операциянын таасиринен эки көзү көрбөй калды", - дейт Аширалиев.

Ушул жылдын 12-майында борбор калаадагы дарыгерлер Айымдын көзүндөгү нерв, кан тамырлары соолуп баратканын айтышкан.

"Неберемдин көзүн дарылатуу үчүн Кытайдан тажрыйбалуу дарыгер тапканбыз. Анын операция жасаган эмгек акысы, жол акы жана башка чыгымдары үчүн 22 миң доллар чыгымдалат экен. Биз жалпы туугандар менен биригип мындай суммадагы каражат таппай жатабыз. Балдарымдын баары жөнөкөй чарба жумуштары менен алектенет. Ошондуктан коомчулукка кайрылып, жардам суроого туура келип жатат. Азыр неберем мени менен жашайт. Аны дайыма жетелеп жанында жүрөм", - деди Айымдын чоң атасы.

Аширалиев Айтбай Бектемирович. Байланыш үчүн телефон номери: +996 776 33 68 37

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aruwka.89
2017-06-13 10:29:56
Жаратканым колдоп айыгып кетсен екен
+4
-NURIK-
2017-06-13 11:18:57
Аллахым шыпаа берсин
+1
Kicha
2017-06-13 11:19:50
Аллахым шыпаасын берсин
+1
Seryi-Kardinal
2017-06-13 11:20:20
100 сом салып койдум, колуман келген жардамым ушул. Силер да колуңардан келген единицаңарды салып койгула, билайнга барып накталай акча кылып алат

+5
Bars88
2017-06-13 12:28:39
Seryi-Kardinal,Ошондой эле кылыш керек.Счёт ачылганда деле ага банкка эч кимдин баргысы келбейт.Телефонго салсан озуно салганча салып коёсун
+1
Bars88
2017-06-13 12:30:05
Ошондо врачтардын шалакылыгынан корбой калдыбы
+1
keba300989
2017-06-13 17:18:59
Bars88, Бизде кучтуу врачтар аз, калгандары акча алыш учун биронун тагдырын ойлой бербейт деп ойлойм, Алла тааланын сноосу болсо керек айыгып кетсин
0
Sultan1993
2017-06-13 21:50:19
keba300989,Бизде кучтуу врачтар ото коп,тилеке каршы оз олкосундо колдоо таппай башка мамлекеттерге кеткен кобу.Бизде Врачтарга кичине эле чайга деп акча берсе баары айтып чыгышат Коррупция деп Эх.Башка олколорду карасан биринчи кезекте Медицина жагына колдоо корсотот.Качан биз андай даражага жетебиз билбейм бул жагы Карангы
0
AzKumFerDan
2017-06-13 18:03:07
Кудайым айыгып кетсин
+1
Rasul1987
2017-06-14 00:10:07
Врач менен милициянын колуна Кудай түшүрбөсүн. Гуманитардык жардам катары берилген дарыны сатып атышса башка эле ооруга, айыктырат- деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан