Сайкал Садыбакасова: "Мен жеке жашоомду жарыя кылбайм. Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар"

14:59. Бүгүн, 14-июнда белгилүү ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова менен SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчынын чыгармачылыгына кызыккан окурмандар суроолорун узатып, жооп алса болот.

Суроолорду +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине жиберсеңиздер болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандар үчүн атайын белектер бар. Арасынан кызыктуусун түз эфирдин каарманы тандап алмакчы.

15:07. Бирок учурда ырчы маекке кечигип жатканын айтууда. Сайкал Садыбакасова келери менен маекти түз эфирде көрсөтүү башталат.

15:31. Ырчы SUPER.KG`нин кеңсесине келди. Ден соолугуна байланыштуу кечигип келгенин айткан ырчынын учурда түз эфирдеги маеги башталды.

15:37. Сайкал Садыбакасова алып баруучулар Максат Орозумбетов жана Таттыбүбү Садырбекова окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө. "Кантип арыктадыңыз?" деген суроого ырчы "6дан кийин тамак жебейм, болгону аз-аздан 5 маал тамактанам" деп жооп узатты. Учурда энесине арнаган ырын аткарууда.

15:46. Ырчы апасы Гүлшайыр Садыбакасова тууралуу айтып берүүдө. "Апам мыкты адам. Канчалаган таланттуу кыздарды тарбиялап чыгарды. Аны аяп, көзүн карап турам. Андыктан көп маселелерди өзүм чечүүгө аракет кылам", - дейт.

16:57. Жеке жашоосу тууралуу берилген суроого жооп узатып жатып ырчы буларды билдирди:

"Апама менин колумду сурап келгендер болот. Мен анда өзүм тандайм, сүйгөн адамга турмушка чыгам десем, апам эркек маймылдан бир аз эле жакшынакай болушу керек. Баарыбыз эле ушинтип турмушка чыкканбыз. Эми силерден көрдүм сүйүү дегенди деп коёт".

Ал эми "апаңыз жактырган адамга турмушка чыгат белеңиз?" деген суроого "мен апам тандаган адамга турмушка чыгам, себеби апам адашпайт", - деген жооп узатты.

16:06. "Сиздин актрисалык өнөрүңүз бар экенин билем. Алпаруучу Гүлжайна Атакановага эмнегедир окшоштура берем. Ошол эжени туурап бериңизчи" деген окурмандын суранычын ырчы актрисалыктан бир топ алыстап кеткенин айтып, түз эфирде аткаруудан баш тартты.

16:10. Сайкал Садыбакасованын "Эстей жүр" ыры жаңырууда.

16:15. Ырчы алып баруучулардын логикалык суроолоруна жооп берүүдө. Эрежеге ылайык, суроонун жообун таба албаса, анда оюнга катышуусу зарыл. Биринчи суроого жооп бере албай, ырчы ковбойдун образына кирип, кыскача оюн көрсөттү.

16:20. Учурда артисттик чеберчилигин көрсөтүүдө. Эчкинин мээрегенин туурап берди.

16:35. "Интернетке "любимый" деп түшкөн сүрөт киргиздиңиз. Ошол адам жөнүндө маалымат берсеңиз" деген окурмандын суроосуна: "Мен жеке жашоомду жарыя кылбайм. "Любимый" деген значит "любимый". Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар", - дейт ырчы күлүп.

16:45. Чыгармачыл топ эфирге жарамазан айтып келишти. "Марал" радиосунун кызматкерлери жана ырчылар шаңдуу жарамазан айтышкан соң салтка ылайык, белек берилди. "Эл ичинде тынччылык, молчулук, токчулук болсун. Эл ичи тынч болсун. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз" деген бата берилди.

16:55. Күтүүсүз келген коноктор түз эфирдеги ырчынын, алып баруучулардын маанайын көтөрдү. Алар кеткен соң кайрадан окурмандардын суроолоруна жооп берүү башталды.

17:03. Сайкал Садыбакасованын "Мени алдаба" ыры жаңырууда.

17:13. "Жеке жашооңду эмнеге айткың келбейт? Ырчылар бир нерсе десе эле ушинтип кутулуп кетесиңер" деген суроого "жеке жашоомду айтып чыгуу үчүн ырчы болгон жокмун. Бардык нерсенин убактысы бар. Тоюм кайсы күнү болору да бир Кудайдан", - деген жооп узатты.

17:18. Окурмандардын бир нече кызыктуу суроолоруна жооп берилип, конок ырдап, бийлеген соң түз эфир соңуна чыкты.

Сайкал Садыбакасова: "Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Nariste...12
2017-06-14 15:43:56
Саламатсынбы Сайкал. Жашоодо жанылган учурларын болгонбу ? Бироонун жанылыштыгынанбы же озундун жанылган учурларындан сабак алып жашайсынбы?
Учурда Кенже Дуйшеева менен мамилен кандай?
0
Nariste...12
2017-06-14 15:46:09
Дагы бир суроо Манас атабыздын 7-осуятынын 6чы осуятын айтып бере аласынбы?
0
Apsi
2017-06-14 15:47:05
Сайкал, айтчы ачыгын козу ачыктарга ишенесинби жана аларга барып кордун беле?
0
pochanta
2017-06-14 15:51:17
Кечкеле баягы баягы девечи
-3
marselkalmurzaevkg
2017-06-14 16:08:59
Ылаайм апан мени тандасын
+3
Oi_pikir
2017-06-14 16:14:07
Сайкалдын ушул ыры аябай жакчу. Көздөрү сонун чыккан клипте)
0
Dilnaz.kiko
2017-06-14 16:36:42
Сайкал Манасты айтканыны билебиз бир куплет ырдап берчи
0
matilla
2017-06-14 16:37:24
Сайкал ден - соолук каалайм, Сайкал эки буту баспаган жигитти сүйүп калышың мүмкүнбү? сүйүп калсаң ошол жигитке тиймек белең?
0
Abdyrashit.Satylganov
2017-06-14 16:45:46
Салам сайкал, азыр "Албарсты" деген ырды баары ырдашып калбадыбы...кайрымасын ырдап берчи..анан бул ыр жөнүндөгү оюң?..Ал ырчыларга кандай кеңеш берет элен?
0
Dilnaz.kiko
2017-06-14 16:46:04
Жарамазан кандай сонун
0
kanatbekabytovich82
2017-06-14 16:46:45
Баарынан дагы жарамазан айтып келгендер менен озгочолонду го дейм???)))
+1
sezim_osmonalieva111
2017-06-14 17:27:10
Кыргыздын эн таланттуу кыздарынын бири.Бут ырларынды уй булообуз менен суйуп, угуп келебиз.Дайыма жаркылдап, жузундон кулку кетпей журо бер.
0
AKCAHAT
2017-06-14 17:32:40
Эркекче жургон кыз!Ишине ийгилик. Бар бол.
+1
CEO
2017-06-14 19:55:30
Жарамазан мен билгенден кечинде айтылуучу, азыр жарамазандын да баркын кетиришти, кайырчы-тилемчиге окшошуп...
-1
Izdeim_seni.
2017-06-15 09:18:36
Гулжайна эмес,Гулнара Калдаровага окщошуп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан