Бүгүн, 15-июнда ырчы Назми Байзакова 2017-жыл - Ыйман, адеп, маданият жылына карата жаӊы "Манас ыры" эмгеги тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Иш-чарага ырчынын продюсери Арсен Мендебаев, стилист Замира Молдошева, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, "Манас" ырынын сөзүн жазган акын Шахзада Авсаматова катышты.
"Бул ырды аткаруу мен үчүн сыймык. Алгач сунушташканда ырдап чыга аларымды, аны менен кошо чоӊ жоопкерчилик артылып жатканын сездим. Жаӊы эмгегибиз аркылуу жаштарды патриоттуулукка үндөп, ата мекенге, салттуу маданиятка, улуу "Манас" эпосуна болгон кызыгуу, сүйүүнү ойготуу максатыбыз. Ырды угармандарга жеткирүү үчүн команда менен чогуу көп эмгектендик. Буюрса, элдин жүрөгүнөн түнөк таап, мыкты чыгармалардын катарын толуктайт деп ишенебиз", - дейт ырчы.
Ал эми Арсен Мендебаев чыгарма жаратууда тойлордо пайда табууну эмес, элге руханий таасир берген, кыргыз элин даӊазалаган ырларды иштеп чыгара турганын айтат.
"Манас темасына кайрылуу - сыймык болгону менен, бул олуттуу, чоӊ жоопкерчиликтүү жумуш. Андыктан кыйынчылыктар болбой койгон жок. Манасчы, акындар менен кеӊешип Манас жөнүндө ырдап жаткандыктан ырды "Манас ыры" деп атоого токтолдук. Жакында клиби көрөрмандарга тартууланат. Анда Назмини жаӊы этно-заманбап стилинде көрүүгө болот", - деп билдирди продюсер.
Ырчынын "Манас ыры" чыгармасын эртеӊ, 16-июнда "Медиа-портал" бөлүмүнөн уга аласыздар.