Эртең, 17-майда Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши саат 9:00дө башталат. Иш-чаранын алпаруучулары Эркин Рыскулбеков менен Нурзат Токтосунова болмокчу. Мелдеш "Супер-Инфо" гезитинин гимни менен ачылып, концерттик программа тартууланат. Айта кетсек, анда Каныкей, Мирбек Атабеков, Урмат Усенов, Неля, Арсен, Омар, Нурлан Насип, Даниель, Гүлжигит Сатыбеков, Мирлан Баеков жана башка ырчы бийчилер көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрөт. Андан соң мелдешке катыша турган 18 команда чүчүкулак кармоо аркылуу оюндар башталат. Көк майсаңда эл аралык даражадагы калыстар оюнга көз салат. Жеңүүчү болгон команда баш байгеге сайылган тайды утат. Кошумчалай кетсек, оюндардын жүрүшүндө көрүүчүлөргө бекер суу жана сэндвич таркатылат.