"Алай” каршылашынын дарбазасына 10 гол киргизип, өлкө кубогунун алгачкы жарым финалисти болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол лигасынын басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн кубогунун алкагында жарым финалдык баскыч үчүн болгон күрөштө 14-июнь күнү “Алай” менен “Алай-2" командалары Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадионунда беттешип, 10:5 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен аяктаган.
Оюнда “Алайдан” Сидибе жана Веревкин 3 жолудан айырмаланса, Алимов 2, Тухтасинов жана Маматовдор бирден гол киргизе алышкан. Ал эми "Алай-2" командасынан Кабылбеков 4 гол жаратууга жетишсе, Аскаров бир жолу өзгөчөлөнө алган.
Эми жарым финалдык баскыч үчүн 26-июлда "Абдыш-Ата" – "Дордой-2", "Нефтчи" – "Достук" командалары беттешсе, 27-июлда "Дордой" - "Кара-Балта" командалары таймашат.