Бишкекте таштанды челектердин алдында заара кылып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү талкууга алынды

Бишкекте таштанды челектердин алдында заара кылып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү интернеттеги социалдык тармактарга илинди. Сүрөттө номери MVD 142 B болгон кызматтык унааны да көрүүгө болот. Укук коргоо органынын бул жоругу Киев жана Гоголь көчөлөрү тарапта болгону маалымдалды. Интернет колдонуучулары милиция кызматкерин кескин сынга алышууда.

Көпчүлүгү орган кызматкерин коомдук жайда заара ушатып жатканы үчүн уяткарышкан. Анын ичинде көрүнүш Бишкекте даараткана маселеси курч экенин көрсөтүп жатканын айткандар дагы бар.

"Бул табигый нерсе экенин түшүнөм, бирок чыдаса болот да. Эмне үчүн аялдар чыдап жүрө алышат? Күндүз эркектердин жашынбай эле заара кылып жатканын көрүүгө болот. Бул уят деп эсептейм. Эгер ден соолугуна байланыштуу эле болбосо бул уят деп эсептейм", - дейт колдонуучулардын бири.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы милиция кызматкеринин бул жоругу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. "Азыр аты-жөнү тактала элек. Ким экендиги аныкталгандан кийин чара көрүлөт", - деп билдирет шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
AksyKoitash1985
2017-06-15 19:46:56
Туалетке беш сом бергиси гелбеген эмего
+5
CHOTON_86
2017-06-15 20:18:08
AksyKoitash1985, Булардын толоп киргенин эч качан коргон эмесмин ушул убакытка чейин.
0
Sagyn.91
2017-06-15 23:52:36
CHOTON_86,
Толоп кирбегенин каяктан билесинер? Же ажаткананын кассасында отурасынарбы?
+4
Nevestkaa
2017-06-15 19:47:36
Бул кылганы туура эмес болушу мүмкүн бирок ,бул деле айла жоктун иши да.Ушул бир мусорго ХХХ үчүн игтен айдалса бала чакасы не болот.Мындан жаман иштерди кылгандар килтеңдеп эле жүрүшөт.Эркектер уялбайсыңар а туш келди жайлай бересиңер.
+6
Aisuluu22
2017-06-20 00:14:51
Эч кандай жаман жери жок ХХХ да ошого ошончо болуп иштен кетируу тууравы
Кыргыздар.Уят элэ эми бир причина таап алса элэ болду .Буйруса шайлоода таза отбойт.
0
wwwbaxa
2017-06-15 19:56:24
ушинтип мисал кылбаса болбойт,иштен айдалат деп унчукпай олтурбаш керек.Керек болсо ар бир пара сураганды ушинтип тартып чыгарыш керек интернетке,ошондо оңолот Кыргызстан.
+2
Kicha
2017-06-15 20:04:25
Жонокой карапайым болгондо не болмок билесинерби ошону милициялар коруп калганда алып барып озу билгенин кылмак
+3
Alicia
2017-06-15 20:19:00
Formachan slujebkada jasagany bul bolso bilbeim soz jok
0
zhykyo
2017-06-15 20:39:24
Мм
0
yasmina_kg
2017-06-15 20:57:09
Туалет жок болсо кантсин.Кээде биз деле туалет тапай уйго жеткенче кыйналып кетебиз го.
+1
Aruwka.89
2017-06-15 22:17:24
Кыстаса кыстап калгандыр бирок мусорго заара ушатуу
Коркпойбу тура эмеско
+1
zhykyo
2017-06-15 23:02:10
Кун аябай ысыган Коладан 2лит ичип койсо керек
+2
tagokg
2017-06-15 23:39:07
кыстап калса не кылат, түшүнүш керек, автор чыгарбайле койбопсун дегендер туура эмес. малдан айырмабыз болуш керек, көрүнгөн жерге .... бечара бирөө ушинтип жатканын мент көрүп калса коомдук жайга заара ушаттын деп акча алмак.
-1
Alicia
2017-06-15 23:51:22
Militsialar tualet mn musornyi bakty airymasyn bilbeitpi?
+1
edik-kg
2017-06-16 00:42:14
Элестетсенер эртен эрте менен полный составты чогултуп туруп лексия окуйтта командири мынтип менимче озунор жаман иштегенинер аз келгенсип эми ХХХ эле калды эле кочодо деп байкушка жаман эле болду
+1
Nendi15
2017-06-16 04:01:26
Таппасан сыйпалап кал! (болуптурго)
0
arzygulR
2017-06-16 15:46:59
Негизи бул кылганы туура эмес жанына барып эле уялтсан болмок бирок ушул эле калды кошунан ХХХ койсо да жазып чыккыла
0
admin_superstan
2017-06-20 11:18:51
arzygulR, edik-kg, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан