Тайбэйдеги Тайчунг шаарында күрөш боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.
74 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз алгач үй ээсинин спортчусун, жарым финалда кытайлык балбанды жеңген. Финалда өзбек балбаны менен кез келип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк бербей утуп алды. Бул жеңиши менен ал Азия чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин эки жолу Азия чемпиондугун, кадеттер арасында Дүйнө чемпиону аталган.