Леонардо Ди Каприо белекке алган “Оскар” статуэткасын укук коргоо органдарына тапшырды

Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо белекке алган “Оскар” статуэткасын укук коргоо органдарына тапшырды. Буга полиция кызматкерлеринин Малайзиядагы мамлекеттик инвестиция фондусундагы уурулук боюнча козголгон кылмыш иши себеп болгон.

2016-жылы Американын Юстиция министрлиги кино продюсерлерди малайзиялык фонддон уурдалган буюмдарды "Уолл көчөсүндөгү карышкыр" тасмасына тартышканын айтып чыгышкан. Бул тасмада роль жаратканы үчүн Леонардо Ди Каприого статуэтка белекке берилген. Статуэткадан тышкары кайрымдуулук аукционун өткөрүү үчүн берилген буюмдарды да актёр тергөө органдарына өткөрүп берген.

“Уолл көчөсүндөгү карышкыр” тасмасы 2013-жылы 25-декабрда жарыкка чыгып, “Оскар” сыйлыгынын 5 статуэткасына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pixduel1
2017-06-16 17:22:31
Молодец!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан