Түрк актёру Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжендин сүйүүсүнө орусиялык модель тоскоол болуп жатканы айтылды

Орусиялык модель Виктория Боня жарандык никедеги жолдошу Алекс Смерфит менен ажырашкан соң жаңы сүйүүсүн тапканын жарыялаган. Бирок ага карабастан ал Түркиядагы белгилүү түгөйлөр Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжендин жакында боло турган үйлөнүү тоюн бузуп жибере жаздаганын түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Виктория түрк актёрунун жана ал тартылган сериалдын күйөрманы. Мындан улам ал актёрдун социалдык тармакка киргизген ар бир сүрөтүнө "жакты" белгисин басып, билдирүү калтырып турат. Бул нерсе Бурактын сүйүктүүсүн ачуулантып, анын айынан бир нече жолу катуу урушууга чейин барышкан.

Ал эми Бонянын актёрдун акыркы жүктөлгөн сүрөтүнө "Сен мыкты формадасың, менин мырзам" деп жазганы түгөйлөрдүн 29-июнь Стамбулда өтө турган үлпөт тоюн токтотуп сала жаздаганы, бирок уруш Бурактын "орус моделин достуктан өчүрөм" деген убадасынан кийин басылганы айтылат.

Бул боюнча интернет колдонуучулар Викториянын баракчасына "Эмнеге орустар ар нерсеге башын салганды жакшы көрүшөт? Бурак бир сага эле эмес, элдин баарына жагат. Аны "өздүк" кылып сүйлөөгө укугуң жок. Бурак менен Фахриенин күйөрмандары алардын тоюн чыдамсыздык менен күтүшүүдө, андыктан бир аз олуттуу бол. Бул Орусия эмес, Түркия" деген билдирүүлөрдү калтырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
marselkalmurzaevkg
2017-06-16 14:40:43
Боняда Фахриёдан калышпайткоо
-4
arzygulR
2017-06-16 15:40:24
Бул качаанкы маалыматко
-4
Nevestkaa
2017-06-16 15:54:40
Бир коммент үчүн тою бузулганы калса,кийин кандай жашоо болот.
+10
raykray
2017-06-16 16:23:07
Эвжендин чачынын тусу аябай жакты
+6
Aidani
2017-06-16 16:24:50
Булар го мейли тиги Анжелика супер инфодон тушпой койду го тажатып, суперге суйунуп кирсен эле Анжеликанын жомоктору жакында гезитти Анжелика озу эле окуп калат. Урматтуу супер Анжеликадан башка башка жаза турган, адамынар жокпу?
+17
AykaMer
2017-06-16 16:55:13
Aidani,Созуно 100% кошулам. Анжеликанын атын уксам эле денеме майда будур чыкмай болду,аллергия кылат тим эле...
+11
ZANIA-92
2017-06-17 01:40:47
AykaMer,мени да тажатты ошол Анжелика деген XXX
+4
pixduel1
2017-06-16 17:21:17
Боня нормальный болсо ажырашмак беле?! Орустун ырчылары, актрисаларынан кочодо турган проституткалар да абийирдуу корунот! Оздорун жыланачтагандан , пластикадан башы чыкпайт булардын фу!
+8
nur_zhoni
2017-06-16 19:38:29
Эх суйуу суйуу
0
jbolotov
2017-06-17 00:42:41
Биздин кыздарга жетбейт экен
+1
mentol
2017-06-17 01:37:57
Наташа менен баарибир корушсо керек кийин :D
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан