Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбековдун көзүнө операция жасатууга коомчулук тарабынан жетиштүү каражат чогулду

Спорттун кикбокс түрү боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбековдун көзүнө шашылыш операция жасоого жетиштүү каражат чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда SUPER.KG порталына спортчу өзү айтып берди.

"Көзүмө операция жасатуу үчүн коомчулук тарабынан колдоо көргөзгөндөр көп болду. Алардын ар бирине ыраазычылык билдирем. Буюрса, 18-июнь, жекшемби күнү Москвага учуп кетебиз.

19-июнда дарыгердин кабылдоосунда болом. Андан соң операция кайсы күнү болору белгилүү болот. Мага колдоо көргөзгөн мекендештериме ыраазычылык билдирем", - деп билдирди Касымбеков.

Эске салсак, буга чейин спортчунун көзүнө шашылыш операция жасатуу зарылдыгы жаралып, ал үчүн 3 миң доллар жумшалары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
pixduel1
2017-06-16 17:28:24
Элден айланса болот! Чондорго жалдырабай аздан болсо да чогултуп жардам кылышат! Айыгып кетсин, элибиз аман болсун!
+11
meni_kut
2017-06-16 17:28:48
Супер инфо томондогу эне-бала темасына жооп берип койбойсунарбы.Екатеринбургдагы Замир табылганы жалган экенго.Кыргызстан жалган айткан Шафкат деген бала 14-июнь куну автобус мн кетиптир.Эртен жетет экен.
0
tynkatar03
2017-06-16 17:39:18
"Башчысы жок эл болбойт" деген системаны сындырып эле жашап келе Кыргызстан. Президенттер, депутаттар, тоскоол болбосо эле онугуп кетчуудой.Кудайдан кайтат берген баардык жардамдар.
+1
pixduel1
2017-06-16 21:37:22
tynkatar03,басылып кетти минус)) туура айтасынар!
+1
nurchik05
2017-06-16 19:09:56
Бийликтегилер спортчуларды карабайт да эх
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан