Бүгүн, 16-июнда белгилүү куудул, ырчы Жакут Сыдыков 39 жашка чыкты. Куудул туулган күнү кандай өтүп жатканын SUPER.KG`ге айтып берди.
"Бүгүн абдан көп адамдардан куттуктоо сөздөрдү кабыл алдым. Алардын арасында журналисттерден тарта депутаттарга чейин бар. Ушундай эл адамы кылып койгон Кудайга ыраазы болуп, жума намазга барып көпкө чейин жакшы тилектерди ниет кылдым. Орозо айы болгондуктан туулган күндү белгилөөнү пландаган жокмун. Бирок досторум, өкүл балам, жакын туугандарымдын баары ооз ачарга чакырып жатышат. Бүгүн 2-3 жерде конок болуп, ооз бекитерде жубайымдын тамагын жейт окшойм", - дейт куудул.
Белгилей кетсек, Жакут Сыдыков Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. Сахнага "Биз" тобу менен чыгып, тушоосу кесилген. Ал "Кошуна кыз", "Апа", "Тартуу кылам", "Угуп кой", "Алло", "Түндүк-түштүгүм" жана башка ырлардын аткаруучусу.
16-июндун жылнаамасы.