Испанияда балдар футбол клубунун машыктыруучусу командасы 25:0 эсебинде утканы үчүн жумуштан айдалды

Испаниянын Валенсия шаарында 11 жаш курактагы балдардын футбол боюнча командалык беттеши өтүп, анда "Серранос" менен "Беникалап" командалары ойногон. Бул оюндан "Серранос" клубу 25:0 эсеби менен жеңишке жетишкен. Мындай чоң эсепте уткандыгы учун клубдун жетекчилиги машыктыруучусун жумуштан бошоткон.

Жетекчилик бул боюнча: "Биз каршылаштарыбызды сыйлайбыз, ошондуктан мындай эсеп менен утушубуз керек эмес эле. А машыктыруучуга оюндан көп эсептеги жыйынтык керек болчу. Андыктан аны менен коштошууну чечтик. Биз оюнчуларды каршылашка сый мамиле жасоого тарбиялайбыз", - деген билдирүү тараткан.

Ал эми кызматынан айдалган машыктыруучу мунун баарын жокко чыгарып, көп гол киргизүүгө көрсөтмө берген эместигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
KOHHOP
2017-06-16 20:28:46
Кандай десем?
+3
bond
2017-06-17 00:43:23
KOHHOP,а ты определись.
-1
Dybala.
2017-06-16 20:40:11
Илгери Роналдиньо жаш курагында каршылпштарын 23-0 уткан эн кызыгы 23 голду тен Роналдиньо сайган экен
+7
nur_zhoni
2017-06-16 20:54:26
Dybala., илгери откон заманда роналда деген болгон экен деп баштабайсынбы
0
Seryi-Kardinal
2017-06-16 20:56:40
Утулган команданын тренерин алып алгыла эми
+23
mir777
2017-06-16 21:17:41
Seryi-Kardinal,ахааха жест
+2
Dybala.
2017-06-16 21:20:23
Seryi-Kardinal,дайыма сыйлаганды уйротот утканды уйротпой
де
+4
ukmuw-ukmuw
2017-06-17 04:08:09
Seryi-Kardinal,ким алып алсын кимге тиешелуу же озунду озун шылдындап атасынбы ушуякка воще киргим келбей калды бизде ар намыс деген калбай бут акчага алмаштырып калдык !!!
-4
kuba502
2017-06-16 21:21:32
Мына Европа маданияты
+1
Alixan-Nookat.2015
2017-06-16 21:38:04
Ошол 11 жаштагы балдарга биздин Кыргызстандын Акшумкарлар курама командасын ойнотуп көрсө ким утат экен.
+2
clay
2017-06-16 21:53:04
Alixan-Nookat.2015,Кыргызстан утат.
-1
Tyty1990
2017-06-16 21:56:49
Галдирлар
+1
uli01
2017-06-16 22:22:38
кыргызстандын сборныйына тренер кылыш керек го
+5
no.comment
2017-06-16 22:35:06
Эн туура чечим чыгарышкан, айдап жибербесе да, эскертуу кылып же штраф салып дегендей кылышса болмок бирок
0
Altysha89
2017-06-16 23:39:53
Тооба ....
0
bond
2017-06-17 00:44:15
Туура чечим.
0
Burkut87
2017-06-17 01:42:48
Утсада иштен алса утулсада
+1
roland
2017-06-17 02:33:09
Жаш балдарды туура тарбиялоо керек
Чечим туура
0
Ymanbekov
2017-06-17 09:26:20
Срочно Кыргызстанга алып келиш керек экен тренерди
+3
KIRA.
2017-06-18 22:14:51
Кыргызстан курама командасы да башкаларды аябай сыйлайт!
+2
keba300989
2017-06-19 15:28:48
KIRA.,'жардынго
0
uli96
2017-06-20 22:08:21
Биздикилер кату сыйчыл келишет турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан