ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: Мындан 157 жыл мурун акын, тамсилчи Тоголок Молдо төрөлгөн

1860-жылы 17-июнда акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Өз аты-жөнү Байымбет Абдырахман уулу.

Ал Музооке ырчыдан тарбия алган. Ырды он төрт жашынан баштап жаза баштаган. Көбүнчө сүйүү ырларына кайрылган. 18 жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, кошо жүрүп "Манасты" үйрөнгөн. Чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. "Шырдакбек", "Жаңыл мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра да жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары жана тамсилдери бар. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган. Улуу акын 1942-жылы 82 жаш курагында кайтыш болгон.
17-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан