Ар жума сайын популярдуу клиптер SUPER.KG порталында добуш берүүгө коюлуп, ар бир клип көрөрмандардын баалоосуна жараша тиешелүү орунга ээ болот. Анда бири четтетилсе, башкасы жаңыдан "Супер хиттин" катарына кошулат.
Бул жумада Азизанын "Кызыма" ырынын клиби аз добуш топтогонуна байланыштуу четтетилсе, Айдана Деканын "Бийле бийле" клиби жаӊы клиптердин катарын толуктады. Ырчынын клибинде Индия элинин бийин көрүүгө болот. Шаңдуу музыканы ырчы индиялык чыгармадан алганын айтат.
Бул аптанын өзгөрүүлөрүн кезектеги сюжеттен көрө аласыздар.
Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.