Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, Оор атлетика боюнча КРнын көп жолку чемпиону жана рекордчусу Улан Молдодосов 41 жашка чыкты. Ал 1976-жылы 18-июнда Токтогул районунда төрөлгөн. Дене тарбия институтун, андан кийин инженердик факультетти аяктаган. 2005-жылы Ислам оюндарынын алгачкы чемпиону, эки жолу Азия чемпиону (2005, 2006) аталган. 2004-жылы Афина жана 2008-жылы Бээжин олимпиадаларына катышып, ачылыш аземинде Кыргыз мамлекетинин туусун көтөрүп чыккан. Улан Молдодосов Жаштар сыйлыгынын лауреаты, көп ирет "Жылдын мыкты спортчусу" аталган.
Жараткан ийгиликтери:
1997-жыл. Кытай. Азия чемпионаты, коло медаль. 2002-жыл. Тайланд. Азия кубогунун жеңүүчүсү.
2003-жыл. Кытай. Азия чемпионаты, коло медаль. 2003-жыл. Италия. Дүйнөлүк универсиаданын коло медалы.
2004-жыл. Америка. Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү. Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 10-орун.
2005-жыл. Сауд Аравиясы - Исламдык оюндардын жеңүүчүсү. Дубай - Азия чемпиону.
2006-жыл. Ташкент. Азия кубогунун жеңүүчүсү.
18-июнга карата жылнаама.